"Жаңы Кыргызстан" партиясынын Кочкор-Атадагы лидери Нургазы Абдуразаков чуулуу видео боюнча жооп берди. Ал админресурс, добуш сатып алуу фактылары болгон эмес жеп эсептейт. Бир талапкери жана башка адамдар милицияга сурак берип жатканын айтты. Лидер тергөөнүн жыйынтыгына карап чечим кабыл алышарын билдирди.
Ал эми партиянын Камчыбек Ташиевге тиешеси жоктугун белгиледи. Ошондой эле аш, футболду партия уюштурбаганын, салтка айланган муундар аралык оюнга катышышканын айтты. Ал эми мечиттин алдында турган талапкерлер башка шаарда тартылганын билдирди.
Тэги:
#Жаңы_Кыргызстан #шайлоо #партия #добуш_сатып_алуу #лидер #жооп