Бүгүн, белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков “Гиннес” рекорддор китебине катталуу үчүн Манас айтууда. Иш чара Борбордук Ала-Тоо аянтында саат 9да башталды. Сыдыков буга чейин 10-12 саат үзгүлтүксүз Манас айткан. Бүгүн ал бир нече саат тынбай Манас айтып, өз рекордун жаңылайт. Иш-чарага даярдыктар бир ай жүрүп, анын айтуусуна ыңгайлуу болуусу үчүн 5 метр болгон айнек боз үй тигилген. Манасты дүйнөгө даңазалап, ал тууралуу ааламга жар сала турган күн тууралуу кийинки материалда #Бешинчи_канал #жанылыктар #Бишкек
Тэги:
#Бешинчи_канал #жанылыктар #Бишкек #Манас #Доолот_Сыдыков